Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Депутат кийинки жылды Экология жылы деп жарыялоону сунуш кылды

Бишкектин сырттан көрүнүшү.
Бишкектин сырттан көрүнүшү.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 22-ноябрдагы сессиясында "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Рада Туманбаева ушундай демилге көтөрдү.

Ал келерки жылды Экология жылы деп жарыялоо тууралуу президентке сунуш киргизээрин билдирди. Депутаттын айтымында, учурда экология тармагында чечиле турган маселе көп.

Бишкекте акыркы кезде абанын булганышы башкы экологиялык мүшкүлгө айланды. "Move Green" коомдук кыймылы баш калаада аба нормадан 20 эсе көп кирдегенин кабарлаган.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги муну четке кагууда.

Бирок ноябрь келип, күн сууктаганы Бишкектин асманын ыш каптады. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары муну тастыктаган сүрөттөрдү Интернетке жүктөп жатышат. Бул маселе кийинки жылдары күз-кыш айларында өзгөчө байкалууда. (NT)

XS
SM
MD
LG