Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:59

Президентке бир жылда 12 миңден ашык адам кайрылуу жөнөттү


Журналисттердин “Президентке кат куржуну” 16-ноябрда президенттик аппаратка тапшырылган. Анда журналисттер Сооронбай Жээнбеков 60 кат беришкен. Иллюстрациялык сүрөт.
Журналисттердин “Президентке кат куржуну” 16-ноябрда президенттик аппаратка тапшырылган. Анда журналисттер Сооронбай Жээнбеков 60 кат беришкен. Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик аппарат президент Сооронбай Жээнбековдун ишке киришкенинин бир жылдыгына карата мамлекет башчынын бул убакытта аткарган иштеринин жыйынтыктарын бөлүп-бөлүп жарыялай баштады.

Аппарат 22-ноябрда тараткан билдирүүдө Жээнбековдун атына келип түшкөн кайрылуулар, кабыл алынган адамдар жана алардын маселелеринин чечилиши боюнча кабар берилди.

Президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субановго шилтеме берилип айтылгандай, президенттин атына 2017-жылдын 24-ноябрынан 2018-жылдын 1-ноябрына чейин жарандардан жазуу (электрондук) жүзүндө 12563 кайрылуу келип түшкөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 68 пайызга көптүк кылат.

Мунун ичинен 1145ин президент өз көзөмөлүнө алып, анын 957син чечкен. Калгандары кайрылуу мөөнөтү боюнча аткарылууда.

Президенттин Бишкек жана Ош шаарларындагы коомдук кабылдамаларында 1228 жаран кабыл алынган. Бул былтыркыдан 100 пайызга көп. “Ишеним телефондору” жана кызматтык телефондор аркылуу жарандардан 1254 кайрылуу кабыл алынган.

Жарандардын кайрылуулары боюнча маалыматтар „President.kg“ расмий веб-сайтында жана башка сайттарда, КТРК, ЭлТР жана „Пирамида“ сыяктуу телеканалдарда чагылдырылып турган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 2017-жылдын 24-ноябрында өткөн. Ал ошол жылы 15-октябрда шайланып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ордуна келген. (ErN)

XS
SM
MD
LG