Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:54

Оштогу тендерден чыккан чатак


Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук балдар ооруканасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча жарыяланган тендердин чыры токтобой жатат.

Сынакка катышып, эң арзан баа сунуш кылган компания сынакта эң кымбат бааны сунуш кылган компаниянын жеңүүчү болуп табылганына нааразы. Учурда ал прокуратурага даттанып жатат. Ош облустук балдар ооруканасы болсо эң арзан баа сунуш кылган компаниянын “бааны ыксыз арзандатканы шек туудурду” деген жүйө менен кымбат баа сунуш кылган компанияны тандаганын билдирүүдө.

2018-жылдын 3-сентябрында Ош облустук балдар ооруканасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө тендер жарыяланган. Тендердин сметалык баасы 22 миллион 300 миң сомду түзгөн. “Компания Рамзан” ишканасынын жетекчиси Абдилвасит Гапаров сынакка алты компания катышканын айтты:

Абдилвасит Гапыров.
Абдилвасит Гапыров.

- Биздин компания эң төмөнкү бааны, тагыраак айтканда 13 миллион 200 миң сомго оорукананын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүнү сунуш кылган. Тендердик сынакка жалпысынан алты компания катышкан. Оорукананын жетекчилиги ошолордун ичинен эң кымбат бааны, тактап айтканда 16 миллион 700 миң сомду сунуш кылган компанияны тандап алды. Жеңүүчү болуп табылган компания сунуш кылган баа менен биз сунуш кылган баанын ортосундагы айырма 3,5 миллион сомду түзөт.

Бул боюнча тендердин жыйынтыгына нааразы болгон “Компания Рамзан” ишканасы 2018-жылдын 4-октябрында Мамлекеттик сатып алуу департаментине даттанган. Анын жазган катына бир жарым айдан бери жооп келе элек. Буга удаа эле аталган компания облустагы балдар ооруканасы өткөргөн тендердин мыйзамдуулугун текшерип берүүнү суранып, Ош облустук прокуратурасына да кайрылган.

- Материалдарды даярдап, юристтер менен кеңешип, Ош облустук балдар ооруканасын сотко берүүгө камынып атабыз, - деди Абдилвасит Гапаров. - Биздин негизги талабыбыз - мамлекеттик сатып алуу жөнүндө мыйзамдын сакталышы. Ал мыйзамда мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу милдеттендирилет. Менин оюмча, бул тендер ошол мыйзамдын биринчи беренесин бузуу менен өткөрүлгөн.

Ош облустук балдар ооруканасынын сатып алуу бөлүмүнүн башчысы Азизбек Тороев “Компания Рамзандын” тендерден четтетилип калганына бир нече себептер негиз болгонун билдирди. Анын айтымында, тендердин жыйынтыгына нааразы болуп аткан “Компания Рамзандын” насыя тарыхы, акыркы эки жылдагы каржылык отчету, акыркы үч жылдагы каржылык операциялары тууралуу маалымат, реалдуу каржылык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтары чала болгон.

Азизбек Тороев.
Азизбек Тороев.

- Смета деп коебуз. Ошол сметасы Мамлекеттик курулуш агенттиги талап кылган ыкма менен түзүлгөн эмес, - деди Азизбек Тороев. - Булар сметаны өздөрү каалагандай бурмалашкан. Сметаны чыгаруу боюнча методикалык көрсөтмөдөгү талаптарды бузушкан. Аны өзгөртүүгө, коэффициенттерди сактабай койгонго эч кимдин укугу жок болчу. Насыялары, акыркы жылдарда кылган иштери тууралуу каржылык маалыматтары да бири-бирине карама-каршы келип жатты. Тендер өтүп жаткан учурда “Компания Рамзандын” бүтө элек беш курулушу бар экен. “Булар ошол бешөөнү бүтүрбөй туруп, биздин курулушту кантип бүтүрөт?” деген ишенбестик да ал компания менен иштешүүдөн баш тартууга негиз болгон.

Аталган ооруканада жетекчинин уюштуруу иштери боюнча орун басары Жыргалбек Кадыров да талаштуу тендер боюнча комиссияда болгон. Кадыров буга чейинки арзан тендерлерден ооздору күйгөнүн эске салды:

Жыргалбек Кадыров.
Жыргалбек Кадыров.

- Биз буга чейин да тендерлерди өткөргөнбүз. Көп эле куруучуларды көрдүк. Сметага булар киргизген өзгөртүүлөр туура келбейт. Анткени алар айрым жерлердеги ремонт боло турган аянттарды кыскартып салышкан. Эртең биз кайсы бир жерди оңдошун талап кылсак, “ал сметада жок эле, силер биз башында сунуш кылган смета менен макул болгонсуңар” деп аткарбай коюшу мүмкүн. Комиссия муну ар тараптан көпкө чейин иликтеп туруп, анан ушундай чечимге келген.

Ош облустук балдар ооруканасынын имаратында бир нече жылдан бери ремонт иштери болуп келет. Ар бир капиталдык оңдоо тендер аркылуу ишке ашууда. Азыр сөз болуп аткан талаштуу тендер менен оорукананын төрт бөлүмү жана бир ашканасы капиталдык оңдоодон өтмөк. Жеңүүчү деп табылган компания учурда ремонт иштерин аткара баштаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG