Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Казакстан: прокурор Аблязовду өмүр бою соттоону суранды


Мурдагы банкир жана оппозиционер Мухтар Аблязов.
Мурдагы банкир жана оппозиционер Мухтар Аблязов.

Казакстандын Жамбыл облустук сотунда мурдагы банкир Ержан Татишевдин өлүмү боюнча айыпталып жаткан бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязовду өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы суралды.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабары боюнча, 22-ноябрдагы сотто прокурор Илияс Ескалиев Аблязовдун Татишевди өлтүрүүнү уюштурганы “толук далилденгенин” билдирген.

Бирок адвокат Жанар Кысыкова Мухтар Аблязовдун күнөөсү далилденген жок деп эсептейт.

Ержан Татишев 2004-жылы окко учуп өлгөн. Ошол кезде сот муну “кокустук” деп атап, банкирдин жанында болгон Муратхан Токмадини бир жылга соттогон. Бирок 2017-жылы бул иш кайра каралып, Муратхан Токмади Татишевди “ТуранАлем” банкын ээлеп алууну көздөгөн Мухтар Аблязовдун тапшырмасы менен өлтүргөнүн айткан. Сот аны быйыл 10,5 жылга соттогон.

Казакстандын Башкы прокуратурасы 4-апрелде Мухтар Аблязовго "банкир Ержан Татишевди" өлтүрүүнү уюштурган" деген айып менен жаңы кылмыш ишин козгогон.

Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери чет өлкөдө жашайт жана өзүнө байланышкан бардык иштерди саясий негизде козголгонун айтып жүрөт. Казакстандын соту 2017-жылы да аны “кылмыштуу топ түзгөн", "акча уурдаган" деп 20 жылга соттогон.

Мурдагы банкир жана оппозиционер Мухтар Аблязов президент Нурсултан Назарбаевдин саясатын катуу сындап келатканы белгилүү.

XS
SM
MD
LG