Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "2017-жылдагы президенттик шайлоонун чыгымдары тууралуу документтер жарыялангандан кийин КСДП партиясынын штабынын эсепчисинин жана анын үй-бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч туулду" деп айткандарын иликтей баштады.
Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, КСДПнын штабынын эсепчиси быйыл 11-ноябрда, президенттик шайлоонун чыгымдары тууралуу документтер социалдык тармактарга жарыяланаардан төрт күн мурда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. 18-ноябрда экс-президенттин интервьюсу тууралуу анонс берилгенден кийин эсепчинин баласы да сыртка чыгып кеткени белгилүү болду.
ИИМ партиянын штабынын эсепчисине өмүрүнө туулган коркунуч тууралуу маалымат берүүнү өтүнүп, өлкөгө келсе коопсуздугу камсыздала турганын жана калыс иликтөө жүргүзүлөрүн маалымдады.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда “Апрель” каналындагы маегинде 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызы өлкөдөн чыгып кеткенин жарыялаган.
Ага чейин укук коргоочу Нурбек Токтакунов "Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмесин "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган. Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген, "Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган" ишенимдүү адам бергенин айтып чыккан.
Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткен. Президенттин аппараты муну "фейк" маалымат деп мүнөздөгөн. (NT)