Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:42

Аба ырайы: кар жаайт


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз гидрометеорология агенттиги чукул билдирүү таратып, 24-25-ноябрда аба ырайы туруксуз болорун эскертти. Бул күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп, кар жаайт. Жаан-чачын катуу болушу ыктымал. Мындай аба ырайы энергетикалык, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал багууну кыйынчылыкка учуратат. Тоолуу райондордогу автоунаа жолдору тайгак, тоңголок тартып, кар күрткүлөрү пайда болот. Электр зымдарына суу кар жабышып, алар үзүлүп кетиши да ыктымал.

23-ноябрда тоолуу аймактарда жамгыр жана кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Баткен, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+3, күндүз 6…11;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5 градуска чейин төмөндөйт.

Бишкекте 23-ноябрда жамгыр, кар себелеши мүмкүн. Түнкүсүн жана таңга жуук туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 6…7 градуска чейин жылыйт. (ErN)

XS
SM
MD
LG