Саудиялык журналисттин өлүмүнө “чындап жооптуу болгон адамдардын баары” жазага тартылышы керек. Бул тууралуу Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини 22-ноябрда Анкарада Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен биргелешип өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.
"Вашингтон пост" гезитинин баяндамачысы, акыркы жылдары АКШда жашап, Сауд Арабиясынын бийлигин сындап жүргөн журналист Жамал Хашогжи (Хашогги) 2-октябрда Саудиянын Стамбулдагы башкы консулдугунда өлтүрүлгөн. Акыркы күндөрү буга Сауд Арабиясынын ханзаадасы Мухаммад бин Салман буйрук бергени тууралуу кабарлар тарап жатат. Бирок өлкөнүн расмий бийлик адамдары аны четке кагып, "Мухаммад бин Салман кызмат абалынан кыянат пайдаланган атайын кызматтардын журналистти өлтүрүү операциясын билген эмес" деп билдирүүдө. Буга байланыштуу Саудияда 21 адам камакка алынып, анын ичинен бешөөнү өлүм жазасына тартуу сунушталды.
Түркия мураскор ханзаада Мухаммад бин Салманды түз айыптабаса да, журналистти өлтүрүүгө буйрук бергендер жоопкерчиликке тартылышы керек экенин кайталап келе жатат.
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 20-ноябрда расмий Анкара журналист Жамал Хашогжинин өлүмүн иликтөөдө Сауд Арабиясы менен кызматташтыкка канааттанбай жатканын айткан.