Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:25

“Акнет” ишканасын Финансы полициясы текшерүүдө (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги "Акнет" телекоммуникациялык компаниянын башкы кеңсесин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерүүдө. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясынын колунда компанияны текшерүүгө алуу үчүн соттун уруксаты бар. Ишкана ири өлчөмдө салык төлөбөгөнү боюнча арыз түшкөн. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 221- ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы") беренеси менен иш козгогонун билдирди.

Бирок компаниянын өкүлдөрү мурда аткаруучу директор болуп иштеп кеткен Руслан аттуу жаран "Акнетке" каршы негизсиз арыз берип, компанияны рейдерлик жол менен тартып алууну көздөп жатканын айтышууда. Компаниянын кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тинтүү боюнча эч кандай документ көрсөтпөй жатканын маалымдашты.

Финансы полициясы “Акнетти” текшерүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

"Акнет" Бишкек, Ош шаарларында Интернет, телекоммуникация тармагында иш алып барган компаниялардын бири. Айрым шаар тургундары "Акнеттин" пакетиндеги бир нече канал көрсөтпөй жатканын айтып жатышат. (ТСГ)

XS
SM
MD
LG