Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Президентке бир жылда 12 миңден ашык кайрылуу түшкөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2017-жылдын 24-ноябрынан, 2018-жылдын 1-ноябрына чейин президенттин аппаратына ар кандай маселе менен 12 миң 563 жаран кайрылган.

Президенттик аппараттын жарандардын кайрылуусу менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов бул былтыркыдан 68 пайызга көп экенин айтты.

Мындан сырткары Бишкек, Ош шаарларындагы президенттин кабылдамасына 1228, ишеним телефондору аркылуу 1254, коомдук кабылдамага 516 жаран кайрылган.

12 миң 563 жарандын 1145ин президент Сооронбай Жээнбеков өз көзөмөлүнө алган. Анын 957нин маселеси чечилип, 188нин арызы каралып жатат.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда, өлкө башчы Жээнбеков жыл башында ар бир жарандын кайрылуусуна өзгөчө көңүл буруларын айткандан кийин анын атына жазылган арыздар көбөйгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG