Москвадагы эмгек мигранттары үчүн патенттин баасы жаңы жылдан тартып 500 рублга көбөйүп, айына 5 миң рублди түзүп калат. Тиешелүү өзгөртүүлөр салык мыйзамына Москванын шаардык думасы тарабынан киргизилди.
“Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Инна Светенко мигранттардын кирешеси көбөйгөнүнө байланыштуу Москвада иштеген чет элдиктер үчүн патент баасын көтөрүү боюнча чечим кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, акыркы жылы Орусиянын борборунда эмгектенген чет өлкөлүк жарандардын кирешеси 20% арбыган.
"Бирок биз эмгек патентинин баасын 13%, башкача айтканда, 500 рублга көбөйттүк. Учурда Москвада иштеш үчүн чет өлкөлүк жаран наркы 4500 рубль турган патент алышы керек", - деди ал.
Москва шаардык думасынын депутаты патент алууну каалагандар азайбаганын, мунун эсебинен шаар казынасына 2 миллиард рубль түшкөнүн белгиледи.
Жакында Москванын мэри Сергей Собянин “Россия 1” мамлекеттик телеканалындагы маегинде мигранттар арасындагы кылмыштуулуктун деңгээли эки эсе азайганын, өзгөчө Борбор Азиядан келгендер мыйзамдуулукту сактай баштаганын билдирген.
Собянин "орус өкмөтү бир катар чараларды кабыл алгандан кийин ушул сыяктуу жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат" деп ырастаган. Ал патент системасын мисал келтирген. Азыр аны Орусияга кириш үчүн виза талап кылынбаган чет өлкөлөрдүн: Азербайжандын, Молдованын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Украина жарандары сатып алат.
Бейшембиде Москва облустук думасы да патент баасын көтөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Подмосковьеде чет өлкөлүктөр үчүн анын баасы 450 рублга көбөйүп, 4750 рублди түздү. Муну менен облус бюджетине кошумча 1 миллиард рублга чейин каражат түшөрү айтылууда.