Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Акималиев: Депутаттар Жогорку Кеңешти уят кылып жатышат (видео)


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

"Легендарлуу парламенттин" депутаты Жамин Акималиев 22-ноябрда Жогорку Кеңештеги сессиянын кечигип башталганын сынга алды. Ал эл өкүлдөрүнүн мындай жоругун жоопкерчиликсиз мамиле катары баалады:

- ЖМКнын сессияны чагылдырып жатканын билип туруп, өкмөт мүчөлөрүн күттүрүп коюшканы уятсыздык. Кээде жыйындар залына парламенттин ишин көргөнү тыштан кишилер да келген. Алар кандай ойдо калды? Депутаттар Жогорку Кеңешти жаман көрсөтүп жатышат.

22-ноябрда депутаттар жок болгондуктан парламенттин түшкү тыныгуудан кийинки сессиясы жарым саатка кечигип башталды.

Жыйынга төрагалык кылган вице-спикер Асел Кодуранова тиешелүү кызматкерлерге эл өкүлдөрүн чакырып келүүнү тапшырды.

Сессияда түштөн кийин Социалдык фонддун бюджети, "Коопсуз шаар" долбоору боюнча бир катар маанилүү маселелер каралмак.

Айрым эл өкүлдөрү кесиптештеринин бири жакынына куран окутуп, ошого барганын айтышты. (Тsh)

XS
SM
MD
LG