Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:30

Акаев: Атамбаевдин аталык болгусу келген ою ишке ашпай калды


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанарбек Акаев "мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин "кызматтан кеткенден кийин да өлкөнү башкарам" деген ниети ишке ашпай калды" деген пикирин "Парламентаризм сабактарында" берүүсүндө айтып чыкты:

- Ал киши "жаңы салган үйүндө жатып алып башкара берем" деген ою ишке ашпай калгандан кийин Баш мыйзамды, Бакиевдерди жана башка маселелерди эске салып жатат. Элдин бир да маселесин көтөргөн жок, өзүнүн жеке таарынычтарын айтып чыкты. "Мени укпаган президент келип калса, аны эч ким эмес кылып коем" деп Баш мыйзамды өзгөрткөн. “Аталык болуп алам" дегени ишке ашпай калды.

Кийинки жумаларда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбеков өз ара мамилеси тууралуу акыркы бир жылдагы алгачкы интервьюларын беришти. Жээнбеков Атамбаевди "мени жетеленме саясатчыга айлантууга аракет кылды" деп ачык сындаса, экс-президент учурдагы президентти "Бакиевдердин жолуна түштү" деп айыптап, ачык оппозицияга өткөнүн жарыялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG