Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:03

Кыргызстанда он миңдей кытай жараны иштөөгө уруксат алган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылдан башынан бери Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы чет өлкөлүк 12 миң жаранга иштөө үчүн уруксат документин берген. Бул тууралуу аталган мекеменин өкүлдөрү кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда 91 өлкөнүн жараны уруксат алып иштеп жатат. Алардын 75% же он миңге жакыны Кытайдын жарандары.

2018-жылдын октябрь айындагы маалыматка ылайык, кыргыз өкмөтү 16 миң 490 чет элдик адиске квота бөлгөн. Азыркы күнгө 74% гана квота берилди.

722 чет өлкөлүк жеке ишкерге Кыргызстандын базарларында иштегенге уруксат берилген. 2018-жылдын тогуз айында уруксат документтерин алганы үчүн республикалык бюджетке 43,0 млн. сом түшкөн. Башка өлкөдөн келгендердин жарымы Бишкекте иштейт. Иммигранттардын көбү курулуш, тоо-кен, энергетика, соода, тамак-аш тармагында эмгектенет. Мындан сырткары алар саламаттык сактоо, илим жана маданият тармагында да бар.

Буга чейин парламентте өлкөдө мыйзамсыз иштеп жаткандардын саны 100 миңден ашканын, Кыргызстандын мыйзамдарында сырттан келген мигранттардын жана туристтердин жоопкерчилигин караган нормалар жетишсиз экени айтылып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG