Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

БУУ: абадагы зыяндуу газдын көлөмү тарыхый максимумга жетти


Украинадагы заводдордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинадагы заводдордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк метеорология уюму 22-ноябрда Женевада атмосферадагы зыяндуу газдар тууралуу кезектеги жылдык баяндамасын жарыялады.

Бул баяндама Польшанын Катовице шаарында 3-14-декабрда өтө турган БУУнун атмосферанын өзгөрүшүнө байланыштуу саммитинин алдында коомчулукка сунушталды.

- Баяндамада соңку 20 жылда, 1990-жылдан тартып ысык абанын таасири 41 пайызга көбөйгөнү айтылат. Бул таасирдин 82 пайызы корбанад ангидриддин (СО2) айынан болууда, - деди уюмдун баш катчысынын орун басары Елена Манаенкова.

Анын айтымында, 2017-жылы атмосферада зыяндуу газдын көлөмү тарыхый максимумга жеткен. Адистер абада метан эмиссиясынын даражасы көбөйүп баратканын белгилешет. Буга Кытайда жана башка өнүгүп бараткан мамлекеттерде тыюу салынган газдарды иштеп чыгаруу себеп болууда.

Адистердин изилдөөсүнө караганда, мындай абал бир канча миллион жыл илгери, абанын табы бүгүнкүгө караганда 2-3 градуска ысык, деңиз деңгээли 10-20 метрге бийик учурларда болгон.

XS
SM
MD
LG