Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Сузакта жол кырсыгынан үч классташ жигит каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сузак районундагы автоунаа кырсыгынан үч адам каза болгонун облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмү “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка караганда, 20-ноябрь күнү райондун Таштак айылынын 22 жаштагы тургуну өзүнүн “Тойота Виш” үлгүсүндөгү автоунаасында кырсыкка кабылган.

Ал Жалал-Абад-Казарман жолунун Сафаровка айылында бирөөнүн короосун сүзүп, катуу жол кырсыгына учураган. Натыйжада 22 жаштагы Таштак айылынын үч тургуну каза болуп, бирөө шаардык оорукананын травматология бөлүмүнө жеткирилген.

Каза болгон адамдын жакындары эч кимге доосу жок экенин айтып, соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан. Автоунаанын ичиндеги классташ достор кыз ала качууга баратышканы айтылууда.

Кыргызстанда өткөн тогуз айда 5118 жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 6299 адам жабыркап, 458 киши көз жумган. Жол кырсыгы боюнча жыл башынан бери 265 кылмыш иши козголуп, 4 миң 710у боюнча иш козгоодон баш тартылган. 141 материал учурда текшерилип бүтө элек. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG