Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

"Акнет" компаниясынын кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Акнет" компаниясынын Бишкектеги кеңсесинин кызматкерлери 23-ноябрда митингге чыгып, ишканага байланыштуу текшерүүлөргө нааразы болушту. Алар соңку жагдайлар жумушка терс таасир этип, айлык төлөөдө кыйынчылык жаралышы мүмкүн экенин айтышты.

"Акнет" телекоммуникациялык компаниясынын башкы кеңсесин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 22-ноябрда текшерүүгө алган. Мекеменин кызматкерлери бул үчүн соттун уруксаты бар экенин билдирип, ишкана ири өлчөмдө салык төлөбөгөнү боюнча арыз түшкөнүн кабарлады.

Финансы полициясы арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 221- ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы") беренеси менен иш козгогон.

Бирок компаниянын өкүлдөрү мурда аткаруучу директор болуп иштеп кеткен Руслан аттуу жаран "Акнетке" каршы негизсиз арыз берип, компанияны рейдерлик жол менен тартып алууну көздөп жатканын айтып жатышат.

22-ноябрдан бери "Акнеттин" пакетиндеги бир нече канал көрсөтпөй да калды. Компаниянын сайтына буга техникалык мүчүлүштүк себеп болгону жазылды. Ошондой эле компания кардарларына кайрылып, "ишкананы рейдердик басып алуу жүрүп жатканын, ошондон улам кызмат көрсөтүү токтотуларын" да жарыялады.

"Акнет" - Бишкек, Ош шаарларында Интернет, телекоммуникация тармагында иш алып барган компаниялардын бири. Абоненттер Интернеттин трафигине, каналдардын санына жараша айына 990 сомдон 1650 сомго чейин акы төлөшөт. (SE)

XS
SM
MD
LG