Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Кыргызстанда миңдей бала кароосуз жана көзөмөлсүз экени такталды


Милиция кызматкерлери буга чейинки рейддеринин бири. Чүй, Кыргызстан.
Милиция кызматкерлери буга чейинки рейддеринин бири. Чүй, Кыргызстан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) аймактагы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери акыркы бир апта ичинде республика боюнча “Камкордук” аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Анын жүрүшүндө 872 бала түрдүү жагдайда кароосуз жана көзөмөлсүз экени аныкталды. Базарда иштеген, кайырчылык жана селсаяктык кылган балдардын көбү кыйналып жашаган, аялуу катмарды түзгөн үй-бүлөлөрдүн, ички жана тышкы мигранттардын балдары экени такталды.

Тизмеге алынган балдардын 30дан ашыгы интернатка, балдар үйлөрүнө, социалдык борборлорго жайгаштырылып, 65 бала ИИМдин Жашы жете электердин эреже бузушун алдын алуу борборуна жеткирилди. Ар бир факт боюнча балдардын ушул абалга келишинин себеби, шарттары иликтенип, тиешелүү органдарга билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жашы жете электер тарабынан ишке ашкан 11 кылмыштын бети ачылды.

"Камкордук” ыкчам-профилактикалык иш-чарасына өлкө боюнча 2316 милиция кызматкери, 862 балдар иштери, билим берүү, социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү тартылды. (ErN)

XS
SM
MD
LG