Бишкек шаарындагы медициналык коллеждин жатаканасына ала качуу учурунда милиция бөлүмчөсүндө өлтүрүлгөн Бурулай Турдаалы кызынын сүрөтү тартылган стрит-артынын ачылышы болду. Бул тууралуу "Аялдарга жардам көрсөтүү борбору" өкмөттүк эмес уюму кабарлады.
Анын ачылышына өкмөттүн кызматкерлери, парламент депутаттары, эл аралык уюмдардын жана БУУнун өкүлдөрү, окуу жайдын студенттери жана окутуучулары катышты. Бурулай өзү ушул окуу жайда билим алчу.
Иш-чара "Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк жигердүүлүк" аттуу эл аралык өнөктүгүнүн алкагында өттү. Граффити аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка коомчулуктун көңүлүн буруу, кыздарды уурдоо көрүнүшүн түп-тамырынан бери жоюуну максат кылат.
Өнөктүктү "Аялдарга жардам көрсөтүү борбору" жана башка Кыргызстандагы ондогон өкмөттүк эмес уюм БУУнун колдоосу менен уюштуруп жатат. Өнөктүк 10-декабрга чейин уланат жана анын алкагында өлкөдө 60тан ашуун иш-чара өтөт.
Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.
Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Киши өлтүрүү») менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу Акмат Сейитов да кармалган. Бул иш боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотунда ушул күндөрү соттук отурумдар өтүп жатат. (GT\ErN)