Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Орусия жеке маалыматты коргоону күчөтөт


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын отуруму.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын отуруму.

Орус өкмөтү коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоорунда расмий булактарда жайгаштырылган жеке маалыматтарды атайын уруксаты жок адамдардын жайгаштырышына тыюу салынат.

Мыйзамдын жоболору ошондой эле мамлекеттик мекеме-уюмдарды жеке маалыматтарды коргоо боюнча система түзүүдө өлкөнүн атайын кызматы ФСБ менен кеңешүүгө милдеттендирет.

Расмий маалыматка караганда, бул боюнча мыйзам долбоорлору президент Владимир Путиндин былтыркы тапшырмасына ылайык иштелип чыккан.

Британияда быйыл мартта орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипалды жана анын кызын химиялык зат менен Орусиянын эки чалгын офицери ууландырганы ачыкка чыкты, алардын жеке маалыматтары, ким экени белгилүү болду.

Учурдагы мыйзамдар да Орусияда жеке маалыматтарды жарыялоого тыюу салат, бирок өлкөдө мыйзамсыз маалымат базаларынын көмүскө базары бар.

Мамлекеттик мекеме-уюмдардын түйүндөрүнөн уурдалган ал базаларда адамдардын паспорт номерлери, даректери, салык төлөмдөрү, автоунаасын каттаткан документтери жана башка маалыматтары бар.(UE)

XS
SM
MD
LG