Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков кыргыз өкмөтү "Кумтөр" долбоору боюнча келишимден чыгышы керек деп эсептейт. Мындай оюн ал бүгүн Бишкекте өтүп жаткан "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" курултайында айтты:
- Акыркы алты жылда Кумтөр боюнча мамлекеттик, парламенттик комиссиялар түзүлдү. Бирок эч кандай тыянак чыккан жок. Ошол эле алты жылдын ичинде 120 тонна алтын мурдагы келишим боюнча казылып кетти. Бул эбегейсиз акча. Кумтөр келишимин коркпостон денонсациялоо кылыш керек. Себеби 2005-жылга чейин Кумтөр 100% Кыргызстандын менчигине өтүшү керек болчу.
Бүгүн бир катар коомдук-саясий ишмерлер жана уюмдар Бишкекте курултай уюштуруп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык жана азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун иш мөөнөтүнүн алгачкы бир жылына баа берип жатышат. (BTo)