Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:09

Пашинян: Элге берген убаданын баарын аткардык


Ереван. 21-ноябрь, 2018-жыл.
Ереван. 21-ноябрь, 2018-жыл.

Ереванда бүгүн премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян баштаган жөө жүрүш өттү. Иш-чара алдында Пашинян чогулган тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып анын “Менин кадамым” деп аталган платформасы элге берген убадаларынын баарын аткарганын билдирди.

“Армения Республикасында бийлик элдин колуна кайтарылып берилди” деди ал.

Арменияда шайлоо өнөктүгү 26-ноябрда башталып, 7-декабрда жыйынтыкталат.

Быйыл май айындагы ыңкылаптан кийин өкмөт башына келген Никол Пашинян жана анын командасы парламенттин таркатылышын жана чукул шайлоо өтүшүн көздөп келген. Себеби жалпы 105 орундуу парламентте көпчүлүк мандат (50 мандат) ыңкылаптан кийин бийликтен кеткен мурдагы премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясына таандык. Армениядагы акыркы парламенттик шайлоо былтыр Саргсян бийликте турган учурда өткөн эле.

XS
SM
MD
LG