“Баркыт ыңкылабынан” кийин бийликке келген Никол Пашиняндын армян парламентин тарткатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү максаты акыры ишке ашты.
Армениянын Конституциясында парламент эки жума ичинде экинчи жолу премьер-министрди шайлай албаса таркатылары жазылган.
1-ноябрда армян депутаттары, алдын ала макулдашылгандай, экинчи жолу формалдуу түрдө өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн премьер-министрдин милдетин аткаруучусу Никол Пашиняндын талапкерлигин колдошкон жок. Биринчи жолку добуш берүү 24-октябрда өтүп, анда да Пашинян өкмөт башчылыкка шайланган эмес.
Бейшебидеги парламенттин атайын жыйынында каттоодон өткөн 70 депутаттын бирөө да талапкерге “макул” же “каршы” деген добушун берген жок. Болгону 13 эл өкүлү добуш берүүдөн карманды.
«Царукян» жана «Дашнакцутюн» фракциялары шайлоо алдында добуш бербей турганын жарыяласа, Армениянын Республикалык партиясынын депутаттары Пашиняндын талапкерлигин колдобой турганын билдиришкен. Ал эми Пашиняндын өзүнүн 9 мандаты бар «Елк» фракциясы добуш берүүдөн карманууну чечкен.
- Мунун баары Конституцияда белгиленген процедуралардын толук аткарылышын камсыздоо үчүн жасалган. Премьер-министр шайланбай калса мыйзам негизинде парламент таркатылат, - деп билдирген жыйындын алдында «Елк» фракциясынын лидери Лена Назарян.
Быйыл май айындагы ыңкылаптан кийин өкмөт башына келген Никол Пашинян жана анын командасы парламенттин таркатылышына жана чукул шайлоо өтүшүнө кызыкдар болуп келген. Себеби жалпы 105 орундуу парламентте көпчүлүк мандат (50 мандат) ыңкылаптан кийин бийликтен кеткен мурдагы премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясына таандык. Армениядагы акыркы парламенттик шайлоо былтыр Саргсян бийликте турган учурда өткөн эле.
Жазындагы саясий өзгөрүүлөрдөн кийин парламенттеги салмагы азая түшкөн Республикалык партиянын депутаттары алгач кезексиз шайлоого бөгөт коюуга аракеттеништи. Башында аларды парламенттеги дагы эки фракция колдоп чыккан. Бирок элдин кысымынан кийин Пашиняндын атаандаштары багынууга аргасыз болушту.
Никол Пашинян парламентти таркатуу тактикасын ишке ашыруу үчүн 16-октябрда атайын премьерлик кызматтан кетип, өкмөт башчынын милдетин аткарууга өткөнүн анын талапкерлери белгилеп жатышат.
Бейшембидеги парламенттин жыйынында Пашинян бул саясий жараянды бийликти элдин колуна кайтаруу аракети катары мүнөздөдү:
- Бул тарыхый көз ирмем экенине көңүл бургум келет. Анын тарыхый баалуулугу парламенттин таркашына жана биздин өлкөдө биринчи жолу кезексиз шайлоо өтөөрүнө байланыштуу эмес. Апрель-май айындагы элдик ыңкылаптан кийин бийликти жана келечектеги саясий жараяндарды чечүү укугун Армениянын элине кайтарып берип жатканыбызга байланыштуу.
Армениянын Шайлоо кодексине ылайык, чукул шайлоо парламент тарткатылгандан кийин 30 күндөн кем эмес, 45 күндөн кеч эмес убакыт ичинде өткөрүлүшү керек. Өлкө президентинин парламентти тарткатуу тууралуу буйругунда кезексиз шайлоонун датасы жазылышы абзел.
Никол Пашинян «Азаттыктын» армян кызматы менен маегинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону 9-декабрда өткөрүү тууралуу макулдашуу бар экенин билдирди. Ага чейин Пашинян премьердин милдетин аткара берет.
Азырынча парламенттик шайлоого кайсы партиялар катышаары белгисиз. Бирок адистер Никол Пашиняндын рейтингин эске алганда анын «Елк» партиясы парламентте көпчүлүккө ээ болушу мүмкүндүгүн айтып жатышат.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.