Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:01

Пашинян: бай-манаптардын доору бүттү


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Горис шаарындагы эл менен жолугушууда. 5-июль, 2018-жыл
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Горис шаарындагы эл менен жолугушууда. 5-июль, 2018-жыл

Арменияда коррупцияга каршы күрөш уланууда. Анын алкагында эски иштер жанданып, буга чейин кол тийгис болуп келген адамдар суракка тартылууда. Экс-президент Роберт Кочерян он жыл мурдагы митингдеги кандуу окуялар боюнча күбө катары суракка чакырылды. Быйыл бийликтен кеткен дагы бир президент Серж Саргсяндын жакындары да бир катар кылмыштарга шектелип жатат.

Армениянын Атайын тергөө кызматы мурдагы президент Роберт Кочарянды суракка чакырганы маалым болду. Өлкөнү 1998-2008-жылдары башкарган Кочарян он жыл мурдагы шайлоодо быйыл апрелде массалык толкундоолордун натыйжасында кызматтан кетүүгө аргасыз болгон Серж Саргсяндын саясий өнөктөшү болгон. 2008-жылдагы президенттик шайлоодо Серж Саргсян жеңишке жеткенден кийинки массалык нааразылык акцияларында демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышкан. Ал кагылышууларда кеминде он адамдын өмүрү кыйылып, жүздөгөн киши жараат алган. Бул иш боюнча Армениянын мурдагы коргоо министри Микаэл Артюнанга айып коюлуп, издөө жарыяланды.

Коргоо министринин мурдагы орун басары, убагында 1-март окуяларын иликтеген комиссиясын мүчөсү болгон Андраник Кочарян иликтөө туура башталды деп эсептейт:

- Башкача айтканда, эгер Микаэл Артюнанды таап, аны суракка алып келсе, ал "№0038" деген мыйзамсыз буйрук куралдуу күчтөрдүн кол башчысынын көрсөтмөсү менен жазылганын айтышы мүмкүн. Ошону менен Кочарянды тартса болот.

Коргоо министринин талаштуу буйругу армиянын күчүн демонстранттарды басууга колдонууга жол ачкан. Арменияда быйыл апрелде бийликтен кетүүгө аргасыз болгон президент Серж Саргсяндын учурунда унутта калып калып келген башка иштер да кайра каралууда.

Маселен, Саргсяндын бир тууган инисинин баласы Айк Саргсян 11 жыл мурдагы адам өлтүрүү окуясына шектелип, бул иш кайра тергеле башталды. Экс-президенттин дагы бир иниси Левон Саргсян да балдары менен чогуу салык жашырууга байланыштуу иште шектүү катары каралып жатат. Арменияда мурда-кийин жогорку кызматта иштеген адамдар боюнча башка да кылмыш иштери козголгон.

5-июлда - Конституция күнүндө Горис шаарындагы эл менен жолугушууда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөдө "бай-манаптардын доору аяктады" деди:

- Армения Республикасынын ээси - Армениянын эли. Премьер-министр жана башка кызмат адамдары элге кызмат кылат. Бул учурда бизде болуп өткөн өзгөрүү. Сиздер элге кызмат кылган бийликке ээ болушуңуздар керек. Эч убакта Арменияда кландарга, коррупцияга жана талап-тоноого кызмат кылган бийлик бекемделишине жол бербеңиздер.

Өткөн жумада бийлик акыркы бир жарым айда эле коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке 35 миллион доллар кайтарылганын билдирген. Быйыл май айында бийликке келген Никол Пашинян башында турган Армения өкмөтүнүн жасап жаткан иштерине, реформалык чакырыктарына дүйнө коомчулугу назар салып турган учур.

АКШнын Армениядагы элчиси Ричард Миллз өкмөт убадаларын аткарса, маселен, АКШдагы бизнесмендердин өлкөгө инвестиция салуу ниети бар экенин айтты.

- Эгер Армениянын жаңы өкмөтү адилдеттүү коом куруу, тең шарттарды камсыздоо жана коррупцияны жоюу боюнча өз милдеттерин аткарса, анда бизнесмендердин Арменияга чыны менен кызыгуусу күч болот.

Европарламент да Арменияны реформаларды акырына чыгарууга үндөп жатат. 4-июлда Европарламент былтыр Армения менен түзүлгөн кызматташтык боюнча келишимди ратификациялады. Анда сөз сүйлөгөн Европарламенттин депутаты Ласло Ток “Биз аларды коррупция каршы күрөштү жана шайлоо мыйзамдарын рефоормалоого чакырдык” деди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG