Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:35

Пашинян мурдагы бийликти "муунта" баштады


Экс-президент Серж Саргсян жана аны кайтарган мекеменин мурдагы башчысы Вачаган Казарян. 11-июль, 2015-жыл
Экс-президент Серж Саргсян жана аны кайтарган мекеменин мурдагы башчысы Вачаган Казарян. 11-июль, 2015-жыл

Арменияда май айында бийлик алмашкандан бери бир катар коррупциялык иштер ачылып, мамлекетке 35 миллион доллар кайтарылды. Бул жумада болсо, мурдагы президенттин бир тууган инисин полиция кармап, суракка алган.

25-июнда мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсяндын бир тууганы Александр Саргсян мыйзамсыз курал алып жүргөн деп шек менен көчөдө кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Акыркы маалыматтарга караганда, ал коё берилди, бирок курал алып жүргөндүгү мыйзамдуу болгонбу же жокпу деген маселе боюнча текшерүү уланууда.

Укук коргоо органдары экс-президенттин дагы бир иниси Левон Саргсян башкарган "Пюник" кайрымдуулук фондунда тинтүү жүргүздү. Мамлекеттик кирешелер боюнча комитеттин өкүлүнүн маалымдашынча, "Пюник" фонду 40 пайыз акциясына ээлик кылган "Джи Эл Джи проджект" компаниясы 500 миң доллар салык жашырган деп шектелүүдө.

Ушул дүйшөмбүдө укук коргоо органдары Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Вачаган Казарянды да кармады. Анын аты менен байланышкан музыкалык клубду текшергенде 1,1 миллион доллар, 230 миң евро жана башка суммадагы акча табылган.

Бул - Армениядагы коррупцияга каршы күрөштүн алкагында жасалып жаткан иштердин акыркылары.

Апрель жана май айларындагы элдик толкундоолордун арты менен бийликке келген премьер-министр Никол Пашинян жемкорлукка каршы күрөш катуу уланат деп убада берүүдө:

Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

- Коррупция менен компромисс болбойт. Биз "Арменияда жемкорлукту түп-тамырынан бери жоёбуз" деп билдиргенбиз. Эч ким күмөн санабасын, биз абдан чечкиндүү жана натыйжалуу кадамдарды таштайбыз жана бул максатка жетебиз.

Расмий кызмат адамдарынын кабарлашынча, Арменияда Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында учурда мамлекетке 35 миллион доллар кайтарылды.

Өткөн жумада Армениянын парламенти генерал-лейтенант, депутат Манвел Григорянды мандатынан ажыратып, кылмыш ишин козгоого макул болгон. Генерал "аскерлерге багытталган кийим-кечекти, азык-түлүктү, курал-жаракты жана аскер техникасын мыйзамсыз ээлеп алган" деп айыпталууда. Бул жумада анын аялы Назик Амирянга жана баласы Карен Григорянга да айып коюлду. Карен Григорян Эчмиадзина шаарынын мэрлигинен 17-июнда кеткен.

Генерал-лейтенант Манвел Григорян болсо күнөөсү жок экенин айтууда:

Манвел Григорян.
Манвел Григорян.

- Мен үчүн азыр баарынан да ар-намысым жогору. Мен өзүмдүн күнөөсүз экенимди далилдешим керек. Мен ондогон адамдардын командири катары алар менен чогуу болгом. Ким мен жөнүндө эмне ойлоп жатканын билбейм. Бирок мен өз досторума, өз өлкөмө жана сот адилеттигине ишенем.

Коррупцияга айыпталгандардын көбү бийликте бир канча жыл турган Республикалык партияга жана анын лидери, экс-президентке Серж Cаргсянга байланышы барлар болууда.

Саясат таануучу Степан Григоряндын оюнча, бийлик алмашкандан кийин жасалып жаткан иштер революциялык максаттарга шайкеш келип жатат:

Степан Григорян.
Степан Григорян.

- Мен куугунтук көргөн жокмун. Азырынча мыйзамдуу иштер жасалууда. Экинчиден, бийлик азыр мамлекетке келтирген зыяныңардын кайсы бир бөлүгүн төлөп берсеңер иш козгоону токтотобуз деп жатат. Албетте, андай болуп кетпейт.

Арменияда азырынча курун мойнуна алып, чыгымды төлөп берем дегендер чыга элек. Демек кылмыш ишин козгоолор дагы уланышы мүмкүн.

Акыркы маалыматтарга караганда, Раздан шаарын 15 жылдан бери башкарып келе жаткан мэр Арам Даниелян кызматтан кетерин жарыялады. Ал да экс-президент башкарган Республикалык партиянын мүчөсү болчу жана жакында эле кызматтан кетүү ниети жоктугун билдирген.

Убагында анын 16 жаштагы уулу атасынын кызматтык автоунаасы менен адам өлгөн жол кырсыгынын себепкери болгон. Бирок бул иш учурунда жабылып калган.

Ошондой эле ушул жумада журналисттер Ереван шаарынын мэринин иши, анын байлыктары тууралуу иликтөө да жарыялашты.

Эт уурдаган депутат кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:43 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG