Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Жоокерден ырыскы талашкан генерал


Арменияда депутат, генерал-лейтенант Манвел Григорян камакка алынды.
Арменияда депутат, генерал-лейтенант Манвел Григорян камакка алынды.

Армениянын парламенти генерал-лейтенант Манвел Григорянды мандатынан ажыратып, кылмыш ишин козгоого макул болду. Генерал "аскерлерге багытталган кийим-кечекти, азык-түлүктү, курал-жаракты жана аскер техникасын мыйзамсыз ээлеп алган" деп айыпталууда. Ага тиешелүү жайларды тинткенде миңдеген ок-дары, жарандык жана аскердик багыттагы техника табылган.

Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы генерал-лейтенант Манвел Григорянга таандык алты жерде жүргүзүлгөн тинтүүнүн видеосун жарыялады.

Үйлөрдөн курал-жарактын түрү: миналар, гранаталар, кулак тундурчу жардыргычтар, автоматтар, ар кайсы калибрдеги миңдеген октор табылган. Ошондой эле "Роллс Ройс", "Тойота", "Мерседес", "Хаммер" машинелери, жол тандабастар, карда жүргөн автоунаалар, "Тез жардам" машинеси, жалпысы 33 транспорт каражаты чыккан жана аскердик багыттагы техника табылган. Атайын кызмат 71 миллион драм, 80 миң доллар, 67 миң евро табылганын да кошумчалады.

Манвел Григорянга таандык жайдан айбанаттар, анын ичинде жолборс да табылган.

Генералдын үйүн тинтүү учуру.
Генералдын үйүн тинтүү учуру.

2000-2008-жылдары Армениянын коргоо министринин орун басары болгон генералдын үйүнөн 2016-жылы Тоолуу Карабактагы куралдуу жаңжалга катышкан жоокерлерге багытталган азык-түлүк салынган жүздөгөн ящиктер, дары-дармек, аскердик форма, байпак, бут кийим жана ич кийим да чыкты. Ал тургай калай идиштеги сүт, эт салынган ящиктерде мектеп окуучуларынын каттары кошо калган. Бул "генерал жоокерлерге арналган гуманитардык жардамды өз үйүнө түшүрүп алган" деген шек жаратты.

Генералдын үйүнөн чыккан азык-түлүк.
Генералдын үйүнөн чыккан азык-түлүк.

Маселен, Еревандагы мектептердин биринде окуган 11 жаштагы Татевик Мгдесяндын: “Урматтуу жоокер, мен Кудайдан сенин аман-эсен кайтып келишиңди тилейм” деген мазмундагы каты эки жылдан бери жеткен эмес. Ал өзү бул тууралуу мындай деди:

Татевик Мгдесян.
Татевик Мгдесян.

- Мен генерал тууралуу жарыяланган видеону көргөндөн кийин ал жерден өзүмдүн катымды байкап калдым. Ошондой эле башка классташтарымдын да каттарын көрдүм. Мен биздин каттарыбыз жөнөткөн адамдарыбызга жетпей калганын түшүндүм. Бул - өкүнүчтүү.

2016-жылдын 2-апрелинде Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабакта таң эрте атыша кеткен. Бир жумага жакын созулган урушта Армения колдогон Тоолуу Карабактын бийлиги 29 жоокери каза болгонун айтса, Азербайжан 31 жоокеринен айрылганын билдирген.

Парламенттеги “Дашнакцутюн” фракциясынын лидери Армен Рустамян апрель урушунда балдардын жоокерлерге жетпей калган каттары тууралуу айтып жатып көзүнө жаш алды:

- Менин сөздөрүм акыл үйрөткөндөй болушун каалабайм. Бирок мен өтө кайгырып турам. Биринчи кезекте ал ушул кат жиберген балдардын алдында жооп бериши керек.

19-июнда армян парламенти генерал-лейтенант Манвел Григорянды депутаттык мандатынан ажыратты. Ага каршы кылмыш иши ачылып, камакка алынышын жана кол тийбестиктен ажыратылышын өзүнүн Республикалык партиясы да колдоду. Фракция лидери Ваграм Багдасарян бул тууралуу өз оюн билдирди:

- Сот өкүмү чыкмайынча адам күнөөлүү деп айтылбайт. Бирок парламенттеги Республика фракциясы иликтөөгө тоскоол болбошу керек. Биз кылмыш ишин козгоого жана кол тийбестигин алууга макул болобуз.

Манвел Григоряндын үйүнөн табылган жолборсту мамлекеттик зоопаркка өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Манвел Григоряндын үйүнөн табылган жолборсту мамлекеттик зоопаркка өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Республикалык партиянын башында Армениянын мурдагы президенти, апрелде өкмөт башчылыкка шайланып, бирок элдик толкундоодон кийин бийликтен кетүүгө аргасыз болгон Серж Саргсян турат. Апрелдеги көчө жүрүштөрүнөн кийин премьер-министр болгон Никол Пашинян "коррупцияга каршы күрөш дагы күчөтүлөт" деп убада берди:

- Коррупция менен компромисс болбойт. Биз "Арменияда жемкорлукту түп-тамырынан бери жоёбуз" деп билдиргенбиз. Эч ким күмөн санабасын, биз абдан чечкиндүү жана натыйжалуу кадамдарды таштайбыз жана бул максатка жетебиз.

Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Генерал-лейтенант Манвел Григорян болсо, парламенттеги кызматташтарына жазган катында өзүн күнөөсүз деп эсептей тургандыгын, тергөөдө өз жүйолөрүн келтирерин билдирген. 62 жаштагы генерал-лейтенант көптөгөн орден-медалдарга ээ болуп, анын ичинде Тоолуу Карабактын эң жогорку “Арцах баатыры” наамын алган.

Тоолуу Карабактагы жаңжал алгач 1988-жылы тутанган. Армян улутундагылар басымдуулук кылган Тоолуу Карабак автоном облусунун жетекчилиги ошол кездеги Азербайжан ССРинен бөлүнүп чыгуу аракетин баштаган.

Алты жылдык согушта кеминде 30 миңдей адам набыт болгон. 1994-жылы ок атышпоо келишимине кол коюлганына карабастан, ушул күнгө чейин эки тарап тең макулдашууну бир нече ирет бузган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG