Испания, Евробиримдик жана Улуу Британия Гибралтар боюнча сүйлөшүүлөрдө бир пикирге келе алышты. Бул тууралуу ишемби күнү Испаниянын премьер-министри Педро Санчес билдирди.
- Бириккен Королдук Европа Биримдигинен чыккандан кийин Гибралтардын Евробиримдик менен саясий, юридикалык, жада калса географиялык мамилелери Испания аркылуу болот, - деди Санчес.
Ошентип, бүгүн 25-ноябрда Евробиримдиктин Брекзит боюнча кезектеги саммитин өткөрүп, Улуу Британиянын Европа Биримдигинен чыгуусу тууралуу документтерди даярдоого тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон маселелердин баары чечилгени айтылды.
Брюсселдеги дипломаттардын айтымында, Испания келечекте талаштуу Гибралтарга байланыштуу келишимдерди алдын ала талдап, макулдугун берүүсүн шарттаган кепилдиктерге ээ болду.
2016-жылдагы референдумда британиялыктардын көбү Евробиримдиктен чыгууну колдошкон. Британия ЕБге 1973-жылы кошулган жана андан чыкса уюмду таштап кеткен биринчи мамлекет болуп калат. (RK)