Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

Аба ырайына байланыштуу Казакстанда жолдор жабылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Казакстандын беш облусундагы жана баш калаа Астанадагы шаар аралык жолдор жабылды.

24-ноябрда кечинде Астана – Караганда, Астана – Кабанбай баатыр жана Астана – Коргалжын автоунаа жолдорунда транспорттун бардык түрлөрү үчүн кыймылга чектөө киргизилген. Мындан тышкары Алматы, Караганда, Жамбыл жана Чыгыш-Казакстан облустарындагы жолдор да жабылды.

"Казгидромет" ушул күндөрү өлкөнүн жети облусунда туруксуз аба ырайы болорун билдирген. 25-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында бурганак болуп, туман түшүп, жолдор тайгак болгону маалымдалды.

XS
SM
MD
LG