Чехиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Прагадагы элчилигинде дипломаттардын жана автоунаалардын санын азайтуу маселесин Москва менен талкуулап жатат.
Министр Томаш Петршичек жекшемби күнү журналисттерге билдиргендей, элчиликте кызматтык автоунаалардын көптүгү күмөн санатууда.
- Мисалы, сүйлөшүүнүн негизги темасынын бири - Орусиянын элчилигинде каттоого алынган автоунаалардын санын азайтуу. Биз ал машинелер кандай максатта колдонулаарын божомолдошубуз гана мүмкүн. Мындан тышкары, дипломаттардын санын азайтуу маселеси да бар, - деди Петршичек.
Тышкы иштер министринин айтымында, Чехиянын коопсуздук жана маалымат кызматтарынын жылдык баяндамасында Орусиянын жана Кытайдын дипломаттары аймакта жандана түшкөнү маалымдалган.
Азырынча орус тараптан буга комментарий болгон жок.