Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

"Түнкү кырсык" тасмасы "Алтын глобус" сыйлыгынын узун тизмесине кирди


Фильмден көрүнүш.
Фильмден көрүнүш.

Режиссер Темир Бирназаров тарткан "Түнкү кырсык" көркөм тасмасы АКШнын "Алтын глобус" сыйлыгына ат салышууда. Кинематография департаменти билдиргендей, аталган фильм "Мыкты чет элдик фильм" номинациясында сынактын узун тизмесине кирди.

Биринчи тепкичтен өткөндөр кыска тизмеге илинет, ал 8-декабрда аныкталат. Жеңүүчүлөр 2019-жылдын 6-январында белгилүү болот.

"Алтын глобус" — Голливуддагы чет элдик басма сөз бирикмеси берчү сыйлык.

Кыргызстандагы "Оскар” комитети режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасын АКШнын “Оскар” сыйлыгына да сунуш кылган.

Тасмада баяндалган окуя Ысык-Көлдүн жээгинде орун алат. Улгайып калган киши караңгыда мотоцикл айдап келатып, капыстан чыга калган башка улуттагы кызды сүзүп кетет.

Кыз эс-учун жоготот. Аны башкы каарман үйүнө алып барат. Кийин чет элдик кыз киллер экени аныкталып, ага милиция издөө салат. Ал арада улгайган киши кызды жактырып калат.

Тасма белгилүү кыргыз драматургу Талип Ибраимовдун "Периште" аттуу чыгармасынын негизинде тартылган. Башкы ролду Кыргыз Республикасынын Эл артисти Акылбек Абдыкалыков ойногон. (SE)

XS
SM
MD
LG