Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:42

Дин комиссиясы аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө


Айт намазына чогулган эл. Кыргызстанда жашоочулардын 80 пайыздан көбү мусулмандар экени айтылат.
Айт намазына чогулган эл. Кыргызстанда жашоочулардын 80 пайыздан көбү мусулмандар экени айтылат.

Президентке караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия аймактарда түшүндүрүү иштерин улантууда. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул аракет “2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын” ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында аталган комиссиянын, Ички иштер министрлигинин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улут аралык мамилелер боюнча агенттиктин кызматкерлери бийлик өкүлдөрүнүн, тургундардын катышуусунда жыйындарды өткөрөт. Анда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, жарандык интеграция, эрте никенин кесепети, балдардын саламаттыгына кам көрүү, радикалдашуунун алдын алуу багытындагы кеп-кеңештер берилмекчи.

Жолугушуулар 26-ноябрдан 29-ноябрга чйин Бишкек жана Ош шаарларында болот. Октябрда Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарында өткөн.

XS
SM
MD
LG