Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Трамп Мексиканы АКШга агылган мигранттарды токтотууга чакырды


АКШ - Мексика чек арасында америкалык аскерлер тосмону бекемдеп жатышат. 4-ноябрь, 2018-жыл.
АКШ - Мексика чек арасында америкалык аскерлер тосмону бекемдеп жатышат. 4-ноябрь, 2018-жыл.

Жекшембиде АКШнын президенти Дональд Трамп Мексиканы Борбордук Америкадан агылган мигранттарды токтотуп калууга чакырды.

“Мексика мигранттардын кербенин биздин түштүк чек арага жете электе токтотсо акылдуу чечим болмок. Мигранттардын өз мекени да алардын топтошуп жолго чыгышына жол бербесе болмок. Бул өз жарандарын АКШга түртүп коюп маселе чечүү. Ага жол бергенге болбойт!" деди Трамп.

Жекшембиде 500дөй киши Мексиканын Тихуана шаарына кирип, АКШ менен чек арадагы тосмону ашып түшүүгө аракеттенген. Бул тууралуу АКШнын ички коопсуздук боюнча министри Кристьен Нилсен билдирди.

Мексиканын полициясы жабылган элдин агымын токтото албай калган. АКШнын Чек ара кызматы аларга көздөн жаш агызуучу газ чачты. Мигранттарды колдогон активисттер бир бала чарчап калганын айтышты. Мындай маалымат расмий ырастала элек.

Мексиканын бийлиги Американын чек арасына «мыйзамсыз» жана «күч колдонуп» өтүүгө аракеттенген 500дөй кишини депортациялай турганын билдирди.

Мексиканын Тихуана шаарында беш миңдей мигрант турат. Шаар бийлиги качкындар каптап кеткендиктен «гуманитардык кризис» жаралганын жарыялашты. Мигранттардын көбү Гондурастан, Гватемаладан жана Сальвадордон чыккан.

Президент Трамп АКШдан баш паанек сурагандардын арызын сот карагандан кийин гана АКШга кирүүгө уруксат берилерин билдирди.

XS
SM
MD
LG