Арменияда мөөнөтүнөн мурда белгиленген парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү 26-ноябрда башталды. Шайлоо 9-декабрда өтөт. “Азаттыктын” армян кызматы билдиргендей, 12 күндүк өнөктүктө 11 саясий партия эл аралап, үгүп иштерин жүргүзүшөт.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян башында турган “Менин кадамым” блогу да үгүт иштерин баштады. Пашинян болгон аракетин шайлоого жумшаш үчүн кызматтан кетерин жарыялады.
Шайлоо өнөктүгү башталарда Армениянын президенти Армен Саркисян эле кайрылды. “Бул апрел-майдагы өзгөрүүлөрдөн кийин Армениянын саяяий турмушундагы маанилүү шайлоо. Анын жыйынтыгы өлкөнү өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү”, – деди ал.
1-ноябрда армян депутаттары, алдын-ала макулдашылгандай, экинчи жолу формалдуу түрдө өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн премьер-министрдин милдетин аткаруучусу Никол Пашиняндын талапкерлигин колдошкон жок. Биринчи жолку добуш берүү 24-октябрда өтүп, анда да Пашинян өкмөт башчылыкка өтпөй калган. Бул парламенттин таркашына жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө жол ачкан.