Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Таанымал футболчулар аялдарга зомбулук көрсөтүүгө каршы чыгышты


Криштиану Роналду Москванын Лужники стадионунда. 20-июнь, 2018-жыл.
Криштиану Роналду Москванын Лужники стадионунда. 20-июнь, 2018-жыл.

25-ноябрда, Аялдар кабылган зордук-зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө дүйнөнүн бир катар шаарларында ири акциялар өттү. Францияда 50 миңдей адам, Түштүк Америкада жүздөгөн аялдар “Биз жашагыбыз келет!” деген ураан алдында көчөлөргө чыгышты.

Бир катар саясатчылар, анын ичинде Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни да көзүнүн алдын кызыл боек менен боёп, зордук-зомбулукка кабылган аялдардын көйгөйүнө көңүл бурдуруу аракетин көрдү.

Акцияга дүйнөгө таанымал футболчулар Криштиану Роналду, Миралем Пьянич жана башкалар да кошулуп, беттерине кызыл боек тартып оюн талаасына чыгышты.

Аялдарга каршы зордук-зомбулук менен күрөшүү күнү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) демилгеси менен жыл сайын өткөрүлүп келет. Муну менен аялдарга карата үй-бүлөлүк жана жыныстык зордук-зомбулукка көңүл бурдурууга багытталган 16 күндүк өнөктүк башталат. БУУнун эсебинде, дүйнөдөгү ар бир үчүнчү аял зордук-зомбулуктан жапа чегет.

XS
SM
MD
LG