Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:09

Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган мелдеш өтүп жатат


Дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку жана Олимп оюндарынын чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиев.
Дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку жана Олимп оюндарынын чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиев.

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш башталды.

Ага төрт мамлекеттен 184 оор атлет катышып жатат. Байгелер эркектер жана кыздар арасында 10дон салмакта ойнотулат. Мелдештер 28-ноябрга чейин уланат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку жана Олимп оюндарынын чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш быйыл 31-жолу өтүп жатат. Бул турнир Осмоналиевдин 65 жылдык мааракесине жана 1978-жылы СССРдин, Европанын жана дүйнөнүн чемпиондугун жеңгенине 40 жыл толгонуна туш келүүдө. (GT).

 

XS
SM
MD
LG