Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:04

Абылгазиев Минскте ЕАЭБдин жыйынына катышат


Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарында.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-ноябрда Беларустун борбору Минск шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Жыйында Евразия Экономикалык Биримдигинин курамындагы мамлекеттердин кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү маселелери каралат. Күн тартибинде санарип боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, финансылык рыноктун концепциясын иштеп чыгуу темалары бар. Ошондой эле өкмөт башчылар ЕАЭБдин 2019-жылга бюджетин талдашат.

Кеңешменин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапарынын алкагында Минск шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы парктын салтанаттуу ачылышына катышат. Ал мындан сырткары Беларус жогорку технологиялар паркына, “Беларус ГС1” автоматтык идентификация ассоциациясына, “Великий камень” индустриалдык паркына жана агрокомбинатка барат. (ErN)

XS
SM
MD
LG