Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Кытайлык окумуштуу адамдын ДНКсын өзгөрткөнүн жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайлык окумуштуу Хэ Цзянькуй тарыхта биринчи жолу адамдын ДНКсын өзгөрткөнүн жарыялады. Анын иликтөөсүнө жасалма уруктандыруу аркылуу балалуу болууну көздөгөн жети түгөй тартылган. Илимпоз алардан алынган эмбриондорду өзгөртүүгө аракеттенген. Бирок натыйжада бир гана түгөйгө тиешелүү эмбриондун ДНКсы өзгөргөн. Ноябрь айында гени өзгөртүлгөн эгиз кыздар жарык дүйнөгө келишти.

Хэ Цзянькуй атайын технологиянын жардамы менен өзгөрткөн CCR5 деп аталган ген эгиз кыздарды ВИЧ илдетинен коргойт. Окумуштуунун айтымында, анын максаты тукум кууган ооруларды айыктыруу же алдын алуу эмес, адамдарда мурда кездешпеген илдеттерге организмдин жөндөмдүүлүгүн пайда кылуу. Тактап айтканда, ДНКсы өзгөртүлгөн эгиз кыздарда ВИЧ/СПИД илдетине каршы турган жөндөмдүүлүк пайда болгон.

Associated Press агенттиги кабарлагандай, кытайлык окумуштуунун мындай илимий ачылышын азырынча көз карандысыз булактар тастыктай элек. Башка окумуштуулар азырынча тажрыйбанын жыйынтыгы адамдын генин модификациялоо ийгиликтүү өткөнүн жана ал кыздардын саламаттыгына зыяны жоктугун айтууга эртелик кылат дешет. Кытайлык окумуштуулар бир нече жылдан бери адамдын генин өзгөртүү боюнча иштеп жатышканын мурда эле жарыялап жүрүшкөн. Дүйнөдөгү көп мамлекеттерден айырмаланып, Кытайда мындай иликтөөлөргө тыюу салынган эмес.

XS
SM
MD
LG