Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Украин парламенти 30 күнгө аскердик абал киргизди


Украинанын Орусия Керч портуна жеткирген кемелери. 26-ноябрь, 2018-жыл.
Украинанын Орусия Керч портуна жеткирген кемелери. 26-ноябрь, 2018-жыл.

Украин парламенти – Жогорку рада 30 күнгө аскердик абал киргизүүнү колдоду. Президент Петро Порошенко өлкөгө аскердик абал киргизүү жөнүндө жардыкка 26-ноябрда кол койду. Мыйзам долбоору дароо парламентке келип түшкөн.

Украинанын Куралдуу күчтөрү толук күжүрмөн даярдыкта экенин Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Керч кысыгында кырдаал курчугандыктан мындай буйрук өлкөнүн Коопсуздук кызматынын ички курамына дагы берилди.

Буга чейин Киевдин маалыматына караганда, Орусия Украинанын 23 морягын кармап кеткен. Булардын ичинен алтоо жаракат алган, экөө оор жарадар болгон. Орусия тарап Украинанын жаракат алган үч морягы азыр ооруканада экенин билдирди. Ал эми Украинанын кармалган үч кеме-катери Керч портуна жеткирилген.

Москва украиналык кемелер Орусиянын аймагын бузуп киргендиктен Кара деңизде кармалганын, ал үчүн курал колдонулганын ырастаган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, кармалган украин моряктары мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны расмий Киев “агрессия”, Москва “чагым” деп баалады.

Керч кысыгындагы кырдаалды талкуулоого БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны чакырылды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмундагы АКШнын өкүлү Никки Хейли билдирди.

XS
SM
MD
LG