Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:11

Бишкекте кен тармагындагы мыйзамдар талкууланат


Кумтөр кени. Иллюстрациялык сүрөт.
Кумтөр кени. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети, Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет жана Эл аралык ишкердик кеңеш “Кен тармагындагы мыйзамдардын негизги маселелери жана аларды Кыргызстанда пайдалануу” деген темада талкуу уюштурууда.

Жыйында депутаттар, эксперттер, ишкерлер жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү Кыргызстандагы тоо-кен өндүрүшүнүн абалын, көйгөйлөрүн жана аларды чечүүнүн жолдорун талдашат.

Тоо-кен өндүрүшү Кыргызстандын экономикасында негизги тармактардын бири болуп саналат. Бул тармактын кирешеси ички дүң өнүмдүн 10% жана экспорттун 40% түзөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG