Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Башкы прокуратура Өмүрзаков тууралуу маалыматты четке какты


Улук Өмүрзаков.
Улук Өмүрзаков.

Башкы прокуратура Улук Өмүрзаковдун Баткен облустук прокуратурасына которулганы тууралуу маалыматты четке какты. Мекеменин басма сөз катчысы Наргиза Куватованын “Азаттыкка” айтканы боюнча, бул маселе прокуратуранын карамагында.

Буга чейин Өмүрзаков Баткен облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалганын облустук прокуратуранын өкүлдөрү “Азаттыкка” ырасташкан эле.

Ош облустук прокуратурасында бөлүм башчы болуп иштеген Улук Өмүрзаков Баткен облустук прокуратурасына которулганы 26-ноябрда белгилүү болгон. Бул кезектеги ротация экенин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирип, анын кандай кызматка барганын айткан эмес.

Улук Өмүрзаков - ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси, "Мухаммед Умар" спорт клубунун ээси. Аталган клубда машыккан жигиттердин өкүмзорлугу тууралуу кийинки жылдары бир катар маалыматтар чыккан. Өмүрзаков аны куру доомат катары баалап жүрөт.

Сентябрь айында “Азаттык” Ошто ишкерлерди карактаган спортчулардын чоо-жайын иликтегенде да Улук Өмүрзаковдун аты аталган.

Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG