Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Кыргызстан он өлкөнүн жарандарына визасыз режим киргизет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан дагы он өлкөнүн жарандарына визасыз каттоо режимин киргизет. Буга байланыштуу мыйзам долбоорун бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитети карап, жактырды. Өкмөт Румыния, Болгария, Кипр, Аргентина, Чили, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино жана Оман өлкөлөрүнө карата виза режимин жоюуну сунуш кылып жатат.

Туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, визасыз режимдин мөөнөтү 2020-жылдан 2030-жылга чейин узартылмай болду.

Учурда Кыргызстан менен 45 мамлекеттин ортосунда визасыз режим бар. Жарандар 39 өлкөдөн визаны барганда ала алат, ал эми 132 мамлекетке барыш үчүн алдын-ала виза алуу талап кылынат.

Туризм департаментинин маалыматы боюнча, акыркы беш жылда өлкөгө визасыз кирген туристтер 40 миңден 113 миңге көбөйгөн. Былтыр визасыз режим кирген өлкөлөрдөн 99 миңге жакын турист келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG