Бишкекте 27-ноябрда тоо-кен тармагын талкуулаган жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев мамлекеттик сатып алуу боюнча эрежени кайра карап чыгууну сунуш кылды.
- Бүгүнкү күндө мамлекеттик сатып алуу кыйынчылык жаратып жатат, - деди ал. - Ошол эле учурда сапатсыз буюмдарды сатып алып жатабыз. Бул пикириме баары кошулат. Бул мыйзамды тезинен алмаштырыш керек. Жогорку Кеңеште да көтөргөм бул маселени. Мамлекеттик сатып алуунун эрежеси качан кабыл алынды эле? Интернет жок кезде кабыл алынган. Азыр Интернетти ачып, заводдордун өзүнөн буюртма берсе болот. А биз ортомчулар аркылуу сатып алабыз. Бул жол менен экономиканы көтөрсө болобу? Болбойт. Боёк сатып алсаң деле тендер жарыялайсың. Машиненин бир жери бузулса деле оңдош үчүн тендер жарыяланат. Бир жума, эки ай күтөсүң.
Рыспаев бул маселени депутаттар да карап жатканын кошумчалады.
Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө мыйзам 2004-жылы кабыл алынып, андан соң бир канча ирет өзгөртүлгөн.
Кыргызстанда соңку бир канча жылдан бери мамлекеттик ишканалар сатып ала турган буюмдар тууралуу маалыматтар атайын сайтка чыгып, тендер жарыяланат. Арасында "айрым буюмдардын суммасы өтө кымбат көрсөтүлгөн" деп коомчулуктун сынына кабылып, тендер жокко чыгарылган учурлар болгон. (SE)