Жалал-Абад облусунда быйыл жыл башынан бери үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 1020дан ашуун факты катталып, жабырлануучуларга карата миңдей коргоо ордери берилди. Алардын 57си үй-бүлөдө аялдардан запкы көргөн эркектерге тиешелүү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын улук тескөөчүсү Улукбек Хашимов “Зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын” алкагында уюштурулган конференция учурунда билдирди.
Хашимовдун айтымында, быйыл жыл башында кабыл алынган «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамдын иштеши менен үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка байланыштуу кайрылгандар көбөйдү. Мурун жабырлануучунун арызы болмоюнча милиция каттачу эмес. Учурда күбөлөрдүн чакыруусунун же кайрылуусунун негизинде эле зомбулук фактылары иликтенип жатат. Эгерде милиция кызматкерлери үй-бүлөдө чын эле зомбулук болуп жатканына көзү жетсе алар жабыркаган кишиге коргоо ордерин берет. Бул ордер зомбулук кылган кишиге жана анын туугандарына карата чектөөлөрдү киргизет.
- Мисалы, жабыркаган кишинин денесине тийгенге же аны менен сүйлөшкөнгө тыюу салат. Ордер 3 күн күчүндө турат, бирок аны 30 күнгө чейин узартып алса болот. Быйыл зомбулукка кабылган миңден ашык адамга ордер бердик, - деди Хашимов.
Былтыр облуста зомбулукка байланыштуу миңдей факты орун алган. Иш-чара Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматы тарабынан “Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында уюштурулган. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 25-ноябрды Аялдарга карата зомбулукту жоюш үчүн күрөштүн эл аралык күнү деп белгилеген. Ал эми 10-декабрь - Адам укуктарынын күнү. Дал ушул 25-ноябрдан 10-декабрга чейин 16 күн аралыгында гендердик зомбулукка каршы акциялар өтүп келет. (RsK)