Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Украина: Керчте кармалган моряктар - атайын кызматтын офицерлери


Орусиянын Керч портуна токтотулган укриандердин кемелери. 26-ноябрь, 2018-жыл.
Орусиянын Керч портуна токтотулган укриандердин кемелери. 26-ноябрь, 2018-жыл.

25-ноябрда Керч кысыгында кармалган кемелерде Украинанын Коопсуздук кызматынын аскердик контрчалгын офицерлери болгон. Бул тууралуу Украинанын коопсуздук кызматынын жетекчиси Василий Грицак билдирди.

Грицактын айтканына караганда, офицерлер Украинанын мыйзамдарына ылайык, өлкөнүн аскер-деңиз бөлүктөрүндө контрчалгын тапшырмаларын аткарып жүрүшкөн.

Мурдараак Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнүн башчысы Игорь Воронченко кармалгандар Коопсуздук кызматынын офицерлери экенин билдирген.

Орусиянын Аскер-деңиз күчтөрү үч украин морякты суракка алган видео тасманы жарыялады. Алардын бири өзүн Андрей Драч – Украинанын коопсуздук кызматынын контрчалгын башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү деп тааныштырат. Кармалгандардын баары Орусиянын деңиздеги мамлекеттик чек арасын бузуп жатканы тууралуу эскертүүнү угушканын айтышат.

Киев украин моряктары кысым астында жалган маалымат бергенин билдирген. Украинанын Аскер-деңиз күчтөрү "Фейсбуктагы" билдирүүсүндө орустардын колуна түшкөн экипаждын берген көрсөтмөлөрүн "түшүнүү менен кабыл алары" айтылат.

Киевдин маалыматына караганда, Орусия Украинанын 23 морягын кармап кеткен. Булардын ичинен алтоо жаракат алып, экөө оор жарадар болгон. Орусия тарап Украинанын жаракат алган үч морягы азыр ооруканада экенин билдирди. Ал эми Украинанын кармалган үч кеме-катери Керч портуна жеткирилген.

25-ноябрда Москва украиналык кемелер Орусиянын аймагын бузуп киргендиктен Кара деңизде кармалганын, ал үчүн курал колдонулганын ырастаган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, кармалган украин моряктары мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны расмий Киев “агрессия”, Москва “чагым” деп баалады.

XS
SM
MD
LG