Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:37

Тоң: айрым тургундар Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүүгө каршы чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тоңдун Көк-Мойнок айылынын айрым тургундары Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүүгө каршы болушууда. Өткөн жумада Көк-Мойнок айылында кенди иштетүү боюнча коомдук угуу болуп, анда айылдын айрым тургундары кенди иштетүүгө каршы экенин билдиришкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Майрамкүл Кыдыралиева кабарлады:

- Бул жерде баары эмес, бирин-серин адамдар каршы чыгып атышат. Ага туура эмес маалымат келгендиги себеп болуп атат. "Уран казылса зыян" деп эле ошого каршы чыгып атышат. "Экологияга зыян болот экен" дейт. Бирок экологияга эч кандай зыяны жок.

Коомдук угууга кенди изилдеп жаткан канадалык “Юразия” компаниясынын өкүлдөрү, Тоң районунун акими, айыл өкмөт башчысы катышкан. Азыр кен иштетүүчү компания изилдөө иштерин гана жүргүзүүдө. Канадалык компания кенди изилдөөгө лицензияны 2010-жылы алган. Изилдөөгө Кызыл-Омпол аймагынан төрт миң гектар жер алынат.

Аталган уран кени Кызыл-Омпол тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1640-3000 метр бийиктикте жайгашкан. Бул аймакта геологиялык чалгындоо иштери 1950-1957-жылдары жүргүзүлгөн. (AsM)

XS
SM
MD
LG