Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:45

Эл аралык уюм Алепподо химиялык чабуул жөнүндө маалыматты иликтейт


Алепподо 24-ноябрда болгон чабуулдан жабыркагандар.
Алепподо 24-ноябрда болгон чабуулдан жабыркагандар.

Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюм Сириянын Алеппо шаарында химиялык чабуул болгон-болбогонун иликтейт. 100дөй киши газга ууланган деп шек менен ооруканага түшкөн. Эл аралык уюм Сирияга өз эксперттерин жиберүүгө камынып жатканын анын башкы директору Фернандо Ариас билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилегендей, ооруканага түшкөн бейтаптар хлор менен ууландырылган болушу мүмкүн.

24-ноябрда Сирия өкмөтү козголоңчуларды "карапайым элге химиялык курал менен сокку урду" деп айыптаган. Мамлекеттик SANA агенттиги 104 киши жабыркаганын маалымдады.

Сириялык козголоңулардын өкүлдөрү мындай дооматты четке какты. Эл аралык француз радиосу оппозициянын тарапташтары "химиялык чабуулду Идлиб провинциясында аскердик операция башташ үчүн шылтоо кылышат" деп чочулап жатышканын кабарлады.

"Сирия обсерваториясы" маалымдагандай, жекшембиде оппозициячыл күчтөрдү бутага алган аба соккуларынан 32 жайкын тургун жарадар болду.

Москва менен Анкаранын макулдашуусуна ылайык, буфердик аймак түзүлө турган тилкенин жанында абадан сокку урулган.

XS
SM
MD
LG