Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Орусияда террорчулук боюнча айыпталган Рустамов жети жылга кесилди


Кыргызстанда туулган Атабек Рустамов Санкт-Петербургдагы сот залында. 6-апрель, 2017-жыл.
Кыргызстанда туулган Атабек Рустамов Санкт-Петербургдагы сот залында. 6-апрель, 2017-жыл.

Москванын аймактык аскер соту кыргызстандык Атабек Рустамовду "WhatsApp" мессенжери аркылуу борбор азиялыктарды "террордук топтордун катарына үгүттөп турган" деп айыптап, жети жылга эркинен ажыратты. 26-ноябрда чыккан соттун өкүмүнө ылайык, Рустамов социалдык тармакта атайын топ түзүп, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун ишмердүүлүгүн жактап, башкаларды ага кошуулууга үндөгөн.

Тергөөнүн версиясына караганда, Рустамовдун тобунда беш киши болгон, алар - Рустамовдун иниси Азизбек, өзбекстандык эки жаран жана кыргызстандык Айжигит Айтматов. Тергөө комитети Айтматовдун күнөөсү далилденбегендиктен, ага "кылмышты жашырган" деген негизде айыппул салды.

Атабек Рустамов өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна алган жок.

Былтыр 15-апрелде Санкт-Петербург шаарында 32 жаштагы Айжигит Айтматов менен 39 жаштагы Обид Абдыраимов террорчулук боюнча шектүү катары камакка алынган.

Ага чейин Питердин метросундагы жардырууну уюштуруучу катары шек саналып, 17-апрелде Москванын алдындагы Одинцово районунда 26 жаштагы Аборор Азимов кармалган. Орусиялык басылмалар Аброр Азимов 2013-жылдан бери Орусиянын жараны экенин жазышкан.

XS
SM
MD
LG