Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Прокуратуранын ишмердүүлүгү боюнча жумушчу топ түзүлөт


Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

Прокуратура кызматкерлерине байланыштуу соңку окуялар боюнча жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү Мирлан Жээнчороев билдирди.

- Эң акыркы жагдайлар, прокуратура органдарынын жалпы иши, анын ичинде өлүм менен коштолгон окуялар, кызмат которуу боюнча нааразылык болуп жатат, - деди ал. - Биздин комитет менен балким Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети чогуу же балким өзүнчө деле жумушчу топ түзүү тууралуу маселе көтөрүлгөн. Азыр бул маселе такталып жатат. Анткени акыркы убактарда прокуратура органдарында ар кандай көрүнүштөр көбөйүп баратат. Мамлекеттеги тең салмактуулукту, мыйзамдуулукту көзөмөлдөй турган органдагы коомчулукту нааразы кылган жагдайларды иликтеп чыгыш керек.

Жээнчороевдин айтымында, учурда бул багытта материалдар чогултулуп жатат.

18-ноябрда Баткен облусунун прокурору болуп иштеп жаткан Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү тоодо табылган. Кандуу окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кылмышка шектүү катары облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган. Иликтөө бүткүчө облустук прокурордун эки орун басары, эки бөлүм башчы жана Баткен районунун прокурору иштен убактылуу четтетилген.

Ал арада Башкы прокуратура Улук Өмүрзаковдун Баткен облустук прокуратурасына которулганы тууралуу маалымат берип, кийин аны четке каккан. Мекеменин басма сөз катчысы Наргиза Куватова бул маселе прокуратуранын карамагында экенин билдирүүдө.

Буга чейин Өмүрзаков Баткен облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалганын облустук прокуратуранын өкүлдөрү “Азаттыкка” ырасташкан эле.

Улук Өмүрзаков - ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси, "Мухаммед Умар" спорт клубунун ээси. Аталган клубда машыккан жигиттердин өкүмзорлугу тууралуу кийинки жылдары бир катар маалыматтар чыккан. Өмүрзаков аны куру доомат катары баалап жүрөт.

Сентябрь айында “Азаттык” Ошто ишкерлерди карактаган спортчулардын чоо-жайын иликтегенде да Улук Өмүрзаковдун аты аталган. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG