Аннексияланган Крымдын соту Керч кысыгында кармалган бир нече украин аскер кызматкерлерин камакка алуу чечимин чыгарды. Батыш мамлекеттери Орусияны Украинанын үч кемесин жана кармап кеткен ондогон морякты тезинен бошотууга үндөштү.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гуттериш Керч кысыгындагы окуяга "өтө тынчсызданып турганын" айтып, "эки тарапты тең сабырдуулукка, тирешүүнү токтотуу үчүн болгон аракетти көрүүгө" чакырды. Бул тууралуу баш катчынын басма сөз өкүлү билдирди.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан орусиялык кызматташы Сергей Лавров менен сүйлөшкөн соң “бардык тараптарды сабырдуу болууга” үндөдү.
Эстониянын президенти Керсти Кальюлайд Орусиянын аракетин "Европадагы согуш" деп баалап, "бул эч качан адаттагыдай иш деп кабыл алынбашы керектигин" кошумчалады.
Лавров немис тышкы иштер министри Хейко Маастын Германия, Франция, Орусия жана Украина жаңжалды чечүү үчүн чогуу аракеттенсин деген сунушуна “ортомчулардын зарылдыгын көрбөй турам” деп жооп берди. Орусиянын тышкы иштер мекемесинин жетекчисинин көз карашында, Батыш мамлекеттери Киевге мындан ары “чагымчылдыкка” барбашы үчүн “катуу эскертүү” бериши керек.
26-ноябрда Киев Орусия менен чектешкен 10 аймагында өзгөчө абал жарыялады. Жогорку Рададагы кызуу талаш-тартыштан кийин өзгөчө абал 30 күнгө киргизилип, Украинада эмки жылдын мартында болчу президенттик шайлоо өз маалында өтөөрү белгиленди.
Киевдин маалыматына караганда, Орусия Украинанын 24 морягын кармап кеткен. Булардын ичинен алтоо жаракат алып, экөө оор жарадар болгон. Орусия тарап Украинанын жаракат алган үч морягы азыр ооруканада экенин билдирди.
Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны расмий Киев “агрессия”, Москва “чагым” деп баалады.