Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Жалал-Абадда алгачкы жолу 25 метрлик балаты орнотула баштады


Жалал-Абадда жаңы орнотулуп жаткан балаты.
Жалал-Абадда жаңы орнотулуп жаткан балаты.

Шаардын борбордук Эркиндик аянтына жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.

Жылдагыдан айырмаланып, бул жылы жасалма балаты коюлат. Бул идея жаратылышты коргоо, экологияга аяр мамиле кылуу жана бюджеттик каражатты үнөмдөө аракетинен улам келип чыкты. Балатынын оту 15-декабрда жандырылат.

Быйыл Жаңы жылды майрамдоого карата шаарды жасалгалоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 300 миң сом акча бөлүнгөн. Анын 1 миллион 500 миң сомуна балаты жасалат, калган каражат шаарды жасалгалоо үчүн иштетилет.

Жалал-Абадда жыл сайын балатылардын бийиктиги 18 метрден 20 метрге чейин болуп келген. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG