Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:45

Беларус: Алты адамды өлтүргөн кылмышкер атылды


“Кара риелторлор” боюнча соттук отурум.
“Кара риелторлор” боюнча соттук отурум.

Беларуста бир нече адамды өлтүрүүгө айыпталган 31 жаштагы Семен Бережной өлүм жазасына тартылды. Анын атылганы тууралуу кабарды жергиликтүү “Весна” укук коргоо борборуна таянып “Азаттыктын” беларус кызматы жазды. Ал борбор маалыматты Бережнойдун туугандарынан тастыктаган.

Айыптоодо айтылгандай, Семен Бережной “кара риелторлор” бандасына мүчө болгон. Алар тургундарды үйүн сатууга жана алмашууга макул кылып, андан кийин өздөрүн өлтүрүп жүрүшкөн. Айрымдарын тирүүлөй көөмп салышкан.

Бережной жеке өзү алты кишини өлтүргөн, жетинчисин уурдап, өлтүрүүгө даярданган деп табылган. Ага "Алдамчылык" жана башка беренелер менен да күнөө тагылган. 2017-жылы аны сот атууга өкүм кылган.

Беларус - Европада өлүм жазасы колдонулган жалгыз мамлекет. "Amnesty International" уюмунун кабары боюнча, 2017-жылга карата бул өлкөдө кеминде төрт киши өлүм жазасына кесилген. Былтыр БУУнун атайын баяндамачысы "беларус соттору акыйкат эмес" деп, өлүм жазасы боюнча өкүмдөр талаш жаратып келатканын сынга алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG